www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Америка бийлигинин дүйнөлүк азык-түлүк кризиси үчүн Орусияны айыптоо аракетин акылга сыйгыс деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Бардык жоопкерчиликти Орусияга жүктөө аракети акылга сыйбаган нерсе. Айыл чарба азыктарынын жетишсиздиги — бир катар факторлордун, анын ичинде Батыштын Орусияга жүк ташуусуна тоскоол болгон санкцияларынын жыйынтыгы. Чектөөлөр атайылап киргизилген. Чет элдик компанияларды чаташтыруу жана коркутуу максатында иштелип чыккан. Алардын орусиялык ишканалар менен кызматташуусун мүмкүн болушунча татаалдаштырышты", — деди ал.

Антонов Вашингтон 22-июлда Украинанын портторунан эгин менен азык-түлүктү коопсуз ташуу боюнча төрт тараптуу демилгенин катышуучуларынын бири боло албай калганын өтө оор кабыл алганын айтты.

Элчи Кара деңиз аркылуу жүк ташуулардын кайра жанданышын кубаттап, Украина жана анын Батыштагы өнөктөштөрү бул процессти бузууга аракет кылбайт деген үмүтүн билдирди.

"Алар ачкачылыктан жапа чеккен, жаңы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жүк жеткирүүгө кезек келгенде саясий оюнун токтотушат деп ойлойм", — деди элчи.

22-июлда Стамбулда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу дүйнөлүк рынокко азык-түлүк жана жер семирткич жеткирүү көйгөйлөрүн чечүү үчүн тиешелүү эки документке кол койду. Биринчи меморандум БУУнун орусиялык айыл чарба продукциясын жана жер семирткичтерин дүйнөлүк рынокко экспорттоодогу ар кандай чектөөлөрдү алып салуу милдетин өзүнө алат. Экинчиси Украина көзөмөлдөгөн Кара деңиз портторунан Украинанын айыл чарба продукциясын экспорттоо алгоритмин аныктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости