www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маселенин туура коюлганы, анын жарым жартылай чечилгени. Мындай пикирин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.

"Өз ишин жаңыдан баштаган Элдик курултайга бекер жатпаган, калк мүдөөсүн айтууда кандан, бектен тартпаган, бир эмес эки шайлоо тепкичин өтүп, делегат болуп шайланып келдиңиздер. 

Кыргыз баласы кыйын кезде, ак кар, көк муздун арасында калганда атын жыгып, кардын алып ичине кирип жатып тирүү калган калк. Түрк дүйнөсүндө кыргыз журтун өлөөрүн билбеген өжөр калк деп сыпатташат. Биз дагы өтүп жаткан курултайыбызды төбөбүзгө көтөрүп, төргө өткөрүп, миң түркүн сөз айтылса бир чечимге келгендей, залда отурган миң киши бир кишидей пикирге келсек деген изги тилек менен отуралы. 

Улуттук наркыбызда мындай курултайлар улут аралык мамилелер, эл аралык алакалар, жер сүрүштүрө аймактан өткөн кербен жолдорунун коопсуздугу, кун өндүрүү, доо өндүрүү маселелерин карап, кан көтөрүү маселелерин жалпы элдик деңгээлде чечип, эл арасына журт кабары аркылуу чабандестер менен таркатып турушкан. 

Кыргыз салтында кыргыз баласы сөз дегенде аттан түшүп берет. Айтылган ант, аткарылган шерт, аягына чыккан. Ошон үчүн маселенин туура коюлганы, анын жарым жартылай чечилгени дейт. Курултайдын күн тартибине өтө маанилүү маселелер коюлду. Эл өкүлү катары элибиздин изги тилегине, илгери үмүтүнө, тилек болуп бериңиздер урматтуу делегаттар", - деди Касмамбетов.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000дөн ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости