www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түгөнгөн сайын түтөгөн, кыйналган сайын кычаган журтпуз. Мындай пикирин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн жети миллионунчу жараны туулганына байланыштуу өткөн маданий иш-чарада билдирди.
"Кыргыздын апалары гана чок кармаган балдарды төрөйт. Түгөнгөн сайын түтөгөн, кыйналган сайын кычаган журтпуз. Намысыбызды бербейбиз. Эл-журт сүйүнчү! Кубаналык, жети миллион болдук. Жакшылык балабыздын бактысы башынан ашкан, тик караганда душмандардын жүрөгүн дүрбөткөн, коркуткан, караган жагынан жан чыккан, кармаган жагынан кан чыккан, кар жилигин казык, канын азык кылып, элдик уул болсун деп тилек кылалы. Жээнтек тоюңар менен, бешик боосу бек болсун туугандар!", - деди мамлекеттик катчы.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 19-октябрында Кыргызстанда 7 миллионунчу жаран Баткен облусунда төрөлүп, ага президент Садыр Жапаров Жакшылык ысымын ыйгарды.
Булак: NazarNews.kg