www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз мамлекеттик кызматкерлердин ишмердиктерин салыштыруу менен гана баалайбыз. Маселен, Сүйүнбек Өмүрзаков ИИМдин 1-орун басары болуп турганда аймактарды кыдырып, милицияны элге жакындатуу үчүн салым кошуп, ар кандай көйгөйлөрдү, арыз-даттанууларды укчу.
Ошого жараша мыйзамдуу алкакта чара колдонууга жан үрөчү эле. Качан гана жогорку жетекчилик элге жакын болгондо бийликке ишеним жаралып, аброй көтөрүлөт.
Тилекке каршы, генерал Өмүрзаковдун ордуна келген ИИМдин 1-орун басары Адылбек Бийбосунов эмне иш кылып жатканы коомчулукка белгисиз. Кабинетинде бекинип отурат.
Бул боюнча жарытылуу кеп деле уга албайсың. ИИМ академиясында иштеп жүргөндө акча чогулткан жагынан кыйын экени айтылат, ушул чынбы? Натыйжада, карьералык секирик жасаганына күбө болдук, деги качан оңолобуз?
Кыскасы, Сүйүнбек Өмүрзаковдун ордун баса албай, аксап калганы кашкайды...
Булак: Азия News гезити