www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Скотч менен жабыштырган». Билим берүү министри «Акылман» лицейиндеги агрессивдүү мамиле тууралуу айтып берди.

Окуя лицейде болгон, жогорку класстын окуучусу төмөнкү класстын окуучусуна агрессивдүү мамиле жасап, аны скотч менен чаптаган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 6-февралда парламенттин жыйынында билдирди.

«Мунун бардыгы видеокамерага тартылып калган. Окуучу лицейден чыгарылды», — деди министр.

Анын айтымында, келишим түзүүдө окуучулардын жүрүм-туруму кандай болушу керектиги тууралуу баары жазылып турат. Ата-эненин жоопкерчилиги да бар.

«Акылман» лицейине окуучулар жетинчи класстан тарта кабыл алынат.

Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында президенттик “Акылман” лицейи былтыр ачылган. Окуучулар лицейдин жатаканасында жашашат. Билим берүү комплекси мамлекет башчыга баш ийет жана президенттик фонддон каржыланат.

Последние новости