www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйгө Мар-а-Лаго резиденциясындагыдай 100 миллион долларга бааланган бал залы курууну каалаганын айтты. Бул тууралуу ал трансгендерлердин (Кыргызстанда да ЛГБТ кыймылынын ишмердүүлүгү талкууланууда) аялдар спорттук мелдештерине катышуусуна тыюу салган жарлыкка кол койгондон кийин билдирди.
«Мен сонун бал залдарын курам. Чындыгында, Ак үйгө бал залы куруу боюнча сунушум болгон», – деди Трамп.
Анын айтымында, бул сунушту демократ Жо Байдендин президенттик учурунда берген, бирок эч кандай жооп алган эмес.
Республикачыл саясатчы бал залы Ак үйгө «мыкты кошумча» болорун жана «мындай долбоор эч кандай чыгым талап кылбай турганын» кошумчалады.
Трамптын Мар-а-Лагодогу резиденциясынан тышкары, Вашингтондогу отелинин биринде 1 миңден ашуун кишиге ылайыкталган бал залы бар. 2016-жылы президенттик өнөктүк учурунда Трамп журналисттерди ошол залга чакырып, Ак үйгө да ушундай зал курууну айткан.