www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы мүлкүн мамлекетке конфискация кылуу менен сегиз жылга абакка кести. Ал 3 жыл мамлекеттик кызматка иштей албайт. Өкүм кечээ, 5-февралда чыккан. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Кутмановага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси “Кызмат абалын кыянаттык менене пайдалануу” менен күнөөлүү тагылса, анын уулу Кемелбек Кутманов болсо “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылып, ал да сегиз жылга соттолду. Мүлкү мамлекетке алынды.
УКМК 2023-жылдын 25-июлунда Динара Кутманованы министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларга шектелип кармалганын кабарлаган. Ал эми анын уулу Кемелбек Кутманов аталган министрлик менен “Жаратылышты өнүктүрүү фондунун” ишине кийлигишип, андагы долбоорду каржылоонун 10% өзүнө алып турганы далилденгенин билдирген.