www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек жана Ош шаарларында 28-31-январь күндөрү интимдик кызмат көрсөтүүчү жайларды аныктоо боюнча рейддер өткөрүлдү. Бул маалыматты «Биринчи радионун» 5-февралдагы эфиринде ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Кубанычбек Ажыбеков билдирди.
«Текшерүүдө интимдик кызмат көрсөткөн 3 кыз аныкталды. Ар бири 20 миң сом айыпка жыгылды», - деди Ажыбеков.
Ал 2024-жылдын ичинде интимдик кызматтарды көрсөтүү боюнча 64 факт катталганын жана сойкулукка тартууга байланыштуу 3 факт катталганын кошумчалады.
Республикада сойкулукка каршы күрөшүү иштери улантылууда.