www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Скульптор Таир Медеров 62 жашында көз жумду

26-февралда скульптор, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Медеров Таир Турарович көз жумду. Бул тууралуу анын уулу кабарлады.

Таир Медеров 1962-жылы 5-мартта Бишкек шаарында туулган. 1977-1981-жылдары Москвадагы Калинин атындагы көркөм сүрөт окуу жайында окуган.

1991-жылы СанктПетербургдагы Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтун, 1994-жылы Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясын бүтүргөн.

Ал Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын академиги, ошондой эле Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

Таир Медеров белгилүү инсандар — Насирдин Исанов, Турабай Кулатов, Касым Тыныстанов, Кусейин Карасаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Константин Юдахиндин Бишкектеги эстеликтеринин, Касым Тыныстановдун, Кусеин Карасаевдин, Тагай бийдин Каракол шаарындагы эстеликтеринин автору болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости