www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Sky Newsтун берген маалыматына таянсак, Британ телеканалынын маалыматына ылайык, АКШ бийлиги европалык дипломаттардан Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп, Россиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусуна даяр болууну суранган.

Жолугушуу ушул жуманын ичинде өтүшү мүмкүн.

Бул жолугушуунун өткөрүлүшү дүйшөмбүдө Вашингтондо пландалып жаткан Зеленский менен Трамптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгына жараша болот.

Маалыматка караганда, Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони сүйлөшүүлөрдү Римде өткөрүүнү сунуштаса, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Женева вариантын колдогон. Зеленский менен Трамп Римге, анын ичинде Ватиканга артыкчылык берип жатканы белгиленет.

Италиянын жана Швейцариянын Тышкы иштер министрликтери өз аймактарында жолугушууну өткөрүүгө даяр экенин тастыкташты. Ошондой эле Будапешт жана Хельсинки сыяктуу башка европалык шаарлар да каралууда.

Последние новости