www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын саясий жана аскердик жетекчилиги ортосундагы карама-каршылыктар акыркы убактарда ачык көрүнүшкө айланды. Британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис тараткан маалыматтарга ылайык, президент Владимир Зеленский менен Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырскийдин ортосунда фронттогу стратегиялык чечимдерге байланыштуу олуттуу пикир келишпестик жаралган. 

Меркуристин айтымында, Зеленский Донецк багытында чабуул жасоого буйрук берген. Бирок Сырский муну аткаруудан баш тарткан. Аскер башчы мындай чечимин Украинанын чабуул жүргүзүүгө жетиштүү күч жана ресурстарга ээ эместиги менен түшүндүргөн. Бул жагдай, Украинанын фронттогу абалы өтө оор экенин көрсөткөн белги.

Какаганга муштаган болуп, аскердик чыңалууга кошумча, Украинанын ички саясий талаасында дагы келишпестик күчөп баратат. Рада депутаты Артем Дмитрук Зеленскийди “өлкөнү кыргынга алып барат” деп айыптап, жаңжал согуша турган украиналык калбай калганда токтой турганын жана жаштардын массалык түрдө өлкөдөн чыгып кеткенин президенттин саясий амбициясынын кесепети экенин айтты. Ошондой эле, Украинанын сүлдөрү эле калганын кошумчалаган. The Telegraph басылмасы Украинадан жаштардын кетишин Зеленский үчүн олуттуу көйгөй болуп турганын белгилеген.

БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери 6,8 миллион украиналык өлкөдөн чыгып кеткен. Демек, фронт үчүн адам ресурсу гана эмес, коомдук моралдык дух да азайып жатат.

Көгөй муну менен эле бүтпөйт, Politico журналынын маалыматына караганда, украин оппозициясы Зеленскийди өлкөдөгү энергетикалык кризис үчүн айыптап, жоопкерчилик тагууга даярданууда. Учурда Украинанын бир нече аймактарында жарык бир нече саатка өчүрүлүп, жылуулук системалары иштен чыгып жатат. Оппозициянын баамында, мындай кырдаал алды-ала сактык чараларынын жетишсиздигинен келип чыккан.

Бул айыптоолор Зеленскийдин саясий абалын ого бетер алсыратууда. Зеленский учурда эки фронт менен алпурушууда. Биринчиси, Россия менен аскердик кагылышуу, экинчиси, ички саясий жана коомдук карама-каршылыктардын өөрчүп жатышы. 

Мындан улам, Зеленский бүгүнкү күндө эң оор кырдаалды башынан кечирүүдө. Оңго барсаң өзүң өлөсүң, солго бассаң Украинаны жок кыласың, түз кетсең, барсаң келбейсиң дегендей абалда турат. Себеби, фронттогу ийгиликсиз жагдай элдин колдоосунан ажыратып, ишеничин жоготууга алып баратат.

Последние новости