www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, түшүндүрмө берди.

“8-май күнү Сүлүктү шаарынын борборунда №1 Ленин атындагы орто мектептин 11-класстын окуучуларынын ортосунда мушташ болду. Борбордук аянтты жасалгалап жүргөн орун басарым экөөбүз чуркап барып, ажыраттык. Милиция кызматкерлери келгенче балдар каршылык көргөзүп, качып кетүүгө аракет кылышты. Милиция кызматкерлери келип, окуучуларды ички иштер бөлүмүнө алып барды. Ата-энелерин чакырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми мага жалган жалаа жапкан адамдар Сүлүктү шаарындагы көмүр мафиясы экени ачык-айкын көрүнүп турат. Биз бир айдын ичинде таразаны ишке берип, Сүлүктүдөн чыккан көмүрдүн реалдуу көлөмүн аныктайбыз!” – деп жазды Болот Абдыжапаров.

Буга чейин Асель Набиева Фейсбукта Сүлүктүнүн мэри Болот Абдыжапаров мектептин окуучуларына кол көтөргөнүн жазып чыккан.

«Болот Абдыжапаров мектептин окуучуларын сабады! Биздин мэр — Баткендин облпрокурорунун иниси! Прокуратура, бул кылмышты жапкан уят иш! Курманкул Зулушев, чара көрүңүз!” — деп жазган ал.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости