www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер расмий Братислава Украинага C-300 абадан коргонуу системасын бергенин 8-апрелде Twitter баракчасы аркылуу ырастады. "Украин эли өз суверендүүлүгүн жана бизди да эрдик менен коргоп жатат. Орусиянын агрессиясынан кыйылып жаткан адам өмүрүнө көңүлкош болбой, обочодо турбай жардам берүү - бул биздин милдет", - деп жазды Хегер.

Словак премьер-министри Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен, Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель менен чогуу жума күнү Киевге келип, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү өткөрүүдө.

Зеленский C-300 системасы тууралуу алгач өткөн айда АКШ Конгрессине кайрылуу жасаганда сөз кылган. Ал мындай системада Украинанын аба мейкиндигин орус учактарынан жана ракеталарынан коргоого жардам берерин белгилеген.

Алгач Советтер Союзунда жасалган C-300 системасы канаттуу ракеталарды жана согуш учактарын жүздөгөн чакырым алыстыктан атып түшүрө алат. Мындай система НАТОго мүчө мамлекеттердин ичинен Словакиядан тышкары Болгарияда жана Грекияда бар. Белгилей кетсек, буга чейин расмий Братислава C-300 системасын Украинага берүүгө даяр экенин, бирок анын ордун толтуруу зарылдыгын билдирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости