www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден France Inter француз радиостанциасынын эфиринде Вотсап, Телеграм колдонгон чоңдорду сак болууга чакырды. Анын айтымында, бул мессенжерлердин колдонуучуларынын эмне жазып, эмне маалымат бөлүшүп жатканын аңдуу оңой.
Эфир учурунда Сноуден, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Telegram, өкмөт башчысы Эдуард Филипп WhatsApp колдонушарын билдирген. Ал жогорку кызматтардагы чиновниктердин WhatsApp колдонуусу чоң кемчилик экенин баса белгилейт.
Ошондой эле Сноудендин дагы бир белгилөөсүндө, айрыкча саясатчылардын сүймөнчүктүү эрмеги болгон, дүйнөгө белгилүү Facebook социалдык түйүнү, 2014-жылдан тарта коопсуздук деңгээлин арты-артынан жоготуп баштаган. Эми зарыл болсо, компаниядан кат алышуу жана маектешүүлөрдү алууга кенен мүмкүнчүлүктөр бар.
Булак: "NazarNews.kg"