www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президентинин Соң-Көл жана Ысык-Көл көлдөрүндө балык уулоого киргизилген мораторий жөнүндөгү Жарлыгынын талаптарын аткаруу жана жаратылыш ресурстарын коргоо максатында Соң-Көл аймагында рейддик иш-чаралар улантылууда.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 30-майында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа районунун Таш-Дөбө участогунда мыйзамсыз коюлган балык уулоочу торлор аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы узундугу 1000 метрди түзгөн үч даана синтетикалык балык уулоочу тор табылып, алынды.
Милиция кызматкерлери мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү жана Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо багытындагы рейддик жана алдын алуу иш-чаралары мындан ары да улантыларын белгилешти.
Жумгал РИИБи жарандарды жаратылышты коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырды.