www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20–21-июнь күндөрү Соң-Көл көлүндө жаратылышты коргоого багытталган рейд өткөрүлдү.
Иш-чарага Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, ошондой эле Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери катышты.
Рейддин жүрүшүндө Соң-Көл көлүнүн акваториясында мыйзамсыз орнотулган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, ошондой эле сууда калып кеткен эски торлор тазаланды.
Жалпы жыйынтык менен 5 300 метрден ашык мыйзамсыз торлор суудан чыгарылды.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин №172 Жарлыгынын негизинде жүргүзүлүп, Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо жана балык ресурстарын коргоого багытталган.
Экологиялык кызматтар белгилегендей, мындай рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз улантылып, жаратылышты мыйзамсыз пайдаланууга каршы көзөмөл күчөтүлөт.