www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды.
Сотко айыпталуучулардын бардыгы келди. Алардын арасында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев бар.
Соттук отурум учурунда Курсан Асанов соттун эскертүүлөрүнө карабай сөз алып, кыйкырып сүйлөгөнү жана белгиленген тартипке баш ийбегени үчүн соттун чечими менен залдан чыгарылды.
Айыпталуучуларга “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып коюлган.
Белгилей кетсек, бул иш алгач “жашыруун” макамында каралып, сот отурумдары жабык форматта өткөн. Кийин жактоочулардын өтүнүчүнүн негизинде сот жараянынын айрым бөлүктөрү ачык өткөрүлө баштаган.