www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 50 компаниянын ишин токтотту. «Азаттык» алардын ичинен 47 компанияны аныктаганын билдирди. Алардын арасында мурда эл аралык санкцияларга кабылган, шектүү финансылык операцияларга байланыштуу аталган ишканалар жана бир мамлекеттик компания бар.

Жоюлган компаниялардын катарында Улуу Британиянын санкциясына туш болгон «Кифико», ошондой эле орусиялык бизнесмендер Илан Шор жана Петр Фрадков менен байланышы айтылган «А7-Кыргызстан» компаниясы бар. Мындан тышкары, А7 долбооруна тиешеси болушу мүмкүн делген дагы беш компаниянын иши токтотулган.

Өкмөт бул чаралар санкциялык тобокелдиктерди азайтуу жана мыйзамсыз финансылык операциялардын алдын алуу максатында көрүлгөнүн билдирүүдө. Президенттин санкциялар боюнча өкүлү Бакыт Сыдыков виртуалдык активдер жана криптовалюта тармагына көзөмөл күчөтүлгөнүн айтты.

Ошол эле учурда эл аралык санкцияларга кабылган айрым компаниялар, анын ичинде «Олд Вектор» жана «Гринекс», Кыргызстанда ишин улантып жатканы белгиленди. Эксперттер өкмөттүн аракеттерин өлкөнүн каржы системасын санкциялык коркунучтардан коргоо аракети катары баалашууда.

Последние новости