www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцарияда өтүп жаткан Иран менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы аяктады. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдиргендей, ортомчу болгон Пакистан менен Катардын аракети аркылуу Ливандагы жаңжалды жөнгө салуу багытында олуттуу жылыштарга жетишилди.

Анын айтымында, Ирандын мунай экспортун чектеген айрым тоскоолдуктар алынган, өлкөнүн чет өлкөлөрдө камакта турган активдеринин бир бөлүгү бошотулган. Ошондой эле Иранды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын планды ишке ашыруу башталган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Пакистан менен Катар биргелешкен билдирүү таратып, Ливандагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча өзүнчө жумушчу топ түзүлөрүн маалымдашты. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөр ушул жуманын аягына чейин уланары белгиленди.

Белгилей кетсек, Иран менен АКШнын техникалык деңгээлдеги жолугушуулары жекшемби күнү Швейцариянын Бюргеншток кыштагында башталган. Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иран Ливандагы өзүнө жакын күчтөрдү көзөмөлдөбөсө катуу чара көрүлөрүн билдиргенден кийин сүйлөшүүлөр убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Эки өлкө буга чейин аскердик чыңалууну басаңдатууга багытталган меморандумга аралыктан кол койгон. Анда АКШнын деңиз блокадасын жеңилдетүү жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу деңиз каттамын калыбына келтирүү маселелери каралган. Ошондой эле Иран өзөктүк курал жасабоо милдеттенмесин алып, өзөктүк программа боюнча өзүнчө келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга макул болгон. Санкцияларды жеңилдетүү маселеси да күн тартибинде калууда.

Последние новости