www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланды. Сотко айыпталуучулардын бардыгы катышты.
Алардын катарында УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев бар.
Сот отурумунда мамлекеттик айыптоочулар ишти жабык режимде кароону сунушташты. Бул сунушту процесстин бардык катышуучулары колдоду.
Натыйжада сот журналисттерди жана башка катышуучуларды залдан чыгарып, соттук териштирүүнү жабык форматта өткөрүү чечимин кабыл алды.
Айыпталуучуларга “бийликти күч менен басып алууга даярдануу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылууда.
Белгилей кетсек, бул иш алгачтан эле “жашыруун” макамда каралып келген. Кийин жактоочулардын өтүнүчтөрүнүн негизинде сот жараянынын айрым бөлүктөрү ачык өткөрүлө баштаган. Бирок бүгүнкү отурумда мамлекеттик айыптоочулардын өтүнүчү менен сот кайрадан жабык режимге өттү.