www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-июну
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2026-жылдын 17-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстанда тыюу салынган Хизб ут-Тахрир Аль-Ислами уюмунун мүчөлөрүнө тиешеси бар адамдардын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү маалында экстремисттик багыттагы ар кандай диний адабияттар жана уюлдук телефондор табылып, алар далил катары тартипке ылайык алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында аталган уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн бири Д.М.Ш. кармалганы кабарланды.

УКМК белгилегендей, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

Последние новости