www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусундагы Т. Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернатта жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка ылайык, 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган мектеп-интернат ушул убакка чейин толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
Учурда объектте демонтаж иштери толугу менен аяктап, имараттардын ички жана сырткы бөлүктөрүн жаңылоо, ошондой эле инженердик тармактарды модернизациялоо иштери уланууда.
Ошону менен катар бардык окуу класстары, компьютердик кабинет жана жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык оңдолууда.
Министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына жана ыргагына өзгөчө көңүл буруп, подрядчы уюмга иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырма берди.
Капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин мектеп-интернат окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүп, аймактагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзөт.