www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон соттук иш улантылды. Сотко айыпталуучулардын баары келишти.
Тактап айтканда, УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев келди.

Мындан тышкары, иштин алкагында саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ошондой эле Эмилбек Узакбаев, Аалы Карашев жана Курманбек Дыйканбаев дагы алынып келинди.

Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдануу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып коюлган. 

Алгач бул иш "жашыруун" деген макам менен каралып, сот отурумдары жабык өткөн. Кийин жактоочулардын өтүнүчтөрүнүн негизинде сот жараянынын айрым бөлүктөрү ачык өткөрүлө баштады.

Последние новости