www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБ менен биргеликте Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейд өткөрүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жайыт жерлерине автоунаа жана эндуро мотоциклдери менен кирип, чөп катмарын тепселеп, жаратылышка зыян келтирген жарандар аныкталды.
Аталган фактылар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 7 протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 38 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле жайыттарды бузган транспорт каражаттары аймактан чыгарылды.
Мындан тышкары, рейддин жүрүшүндө мототранспорт айдоочуларына жаратылыш аймактарында жүрүү эрежелери түшүндүрүлүп, экологиялык мыйзамдарды сактоо боюнча эскертүүлөр берилди.
Маалыматка ылайык, мындай рейддер жайыттарды жана жашыл аймактарды коргоо, ошондой эле айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын пайдаланууну чектөө максатында уюштурулуп жатат.