www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Соң-Көл аймагынан мыйзамсыз балык уулоочу тор табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу жана жаратылыш ресурстарын коргоо максатында уюштурулган. Рейдге Ак-Талаа РИИБдин аймактык тескөөчүлөрү жана жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышкан.
Текшерүү учурунда узундугу болжол менен 300–400 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу мыйзамсыз тор аныкталып, тиешелүү тартипте алынып салынды. Учурда бул факт боюнча мыйзам чегинде териштирүү иштери жүрүп жатат.
Ак-Талаа РИИБ жарандарды жаратылышты коргоо жаатындагы мыйзамдарды так сактоого чакырып, мыйзамсыз балык уулоо учурлары байкалган учурда дароо укук коргоо органдарына маалымат берүүнү өтүнөт.