www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-майда Ысык-Көл ОИИБге туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунда жана башка аймактарда белгисиз жарандар мыйзамсыз балык уулоо жана аны сатуу иштери менен алектенип жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат Ысык-Көл ОИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Бул факты боюнча Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 21-май күнү Нарын облусундагы Соң-Көл көлүнүн күн чыгыш тарабындагы жээктен мыйзамсыз балык уулоо аракетине шектелген жарандар кармалды.
Алар Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын тургундары: 1989-жылы туулган Ж.Э., 1998-жылы туулган Ш.А., 1985-жылы туулган Ж.М. жана 1988-жылы туулган К.С. экендиги аныкталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө алардын жанынан жалпы 198 даана «Сига Лудога» түрүндөгү балык, 20 даана синтетикалык тор, эки даана плащ, эки даана жыгач калак, бир даана үйлөткүч, эки даана үйлөтмө кайыктын отургучу, эки даана үйлөтмө кайык жана бир даана рация табылып, алынган.
Учурда аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылып, тиешелүү соттук-ихтиологиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле мамлекетке келтирилген чыгымдын өлчөмүн аныктоо максатында тиешелүү мекемелерге сурамдар жөнөтүлүп, кошумча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.