www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинага каршы согуш башталгандан бери саламаттык сактоо мекемелери кеминде 43 жолу чабуулга кабылып, жыйынтыгында бери дегенде 12 киши каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус БУУнун Коопсуздук кеңешинде билдирди.

Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясына арналган Коопсуздук кеңештин жыйыны бейшемби күнү Нью-Йоркто өттү. "Кандай гана жаңжал болбосун, саламаттык сактоо мекемелерине кол салуу – эл аралык гуманитардык укукту бузуу болуп эсептелет", — деди ДССУнун башчысы.

Ал бүгүнкү күндө орус аскерлеринин курчоосунда калган Сумы жана Мариуполь шаарларына гуманитардык жардам жеткирүүдө кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалады. БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кайрадан Орусиянын аракеттерин кескин сынга алып, Москваны тез арада согушту токтотууга чакырышты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Европа биримдигинин тышкы саясатынын башчысы Жозеп Боррель Орусияны - Украинада аскердик кылмыш кылып жатат деп айыпташты. Блинкен Орусиянын президенти Владимир Путинди "аскердик кылмышкер" деп атаган АКШ лидери Жо Байдендин айткандары менен толук макул экенин билдирди.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө Мариуполдогу адамдар жашырынып отурган драмалык театрга жасалган соккуну жана Чернигов шаарында 10 жайкын тургундун каза болгонун эске салды. Блинкендин айтымында, согуш болуп жаткан үч жуманын ичинде орус аскерлери жарандык объектилерге соккуларды уруп жатканы талашсыз болуп калды. Ал аскердик кылмыштар жасалып жатканын формалдуу түрдө ырастай турган далилдерди АКШ топтой баштаганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости