www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран АКШ менен ядердик программасы боюнча түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартканын өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан билдиргенин «CNN» маалымдады.
Бул Тегерандын АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеиге жолдогон катына берген биринчи расмий жообу болду. «Axios» басылмасы булактарга таянуу менен баяндагандай, бул катта жаңы ядердик келишим түзүү үчүн 2 айлык мөөнөт көрсөтүлгөн. Бирок бул мөөнөт кайсы учурдан тартып эсептеле баштаары белгисиз.
Пезешкиан Иран сүйлөшүүлөрдөн качпай тургандыгын билдирген.
«Бизди убадалардын бузулушу тынчсыздандырып келген. Алар [АКШ] ишенимге татыктуу экенин далилдеши керек», - деген ал.
Ал АКШны өзүнүн мурдагы милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн айыптап, Трамптын биринчи мөөнөтүндө 2018-жылы өлкө ядердик келишимден чыгып кеткенин эске салган.
Өз кезегинде Трамп, эгерде Вашингтон менен Тегеран Ирандын ядердик программасы боюнча макулдаша албаса, анда АКШ Иранга сокку ура тургандыгын билдирди.
«Эгерде алар макулдашууга жетишпесе, анда жардыруу болот. Бул алар буга чейин эч качан көрбөгөн жардыруу болот», деди Трамп «NBC News» телеканалына берген маегинде. Ал ошондой эле Ирандын товарларына кошумча санкциялар киргизилерин айтып, коркуткан.
АКШнын Иранга каршы согуштук аракеттерди баштоо божомолу жөнүндө Трамптын атайын өкүлү Стивен Уиткофф 23-мартта билдирген. Анын айтымында, Вашингтон маселени тынчтык жолу менен жөнгө салууга кызыкдар, бирок кызматташуудан баш тарткан учурда Иранды башка «ыкма» күтөт.