www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулук районунда жашоочулардан чогулган акча каражатын өзүнүн муктаждыгына пайдаланган шектүү аял кармалды.
Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 9-декабрь күнү Сокулук РИИБге 1980-жылы туулган М.А. (аял киши) арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Ала-Тоо-3 жаңы конушунун мурунку квартал башчысы электр энергиясын тартып баруу үчүн андан 25 миң сом алган. Бирок убадасын аткарбай, ал акчаны өзү пайдаланган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1969-жылы туулган К.К. аттуу аял кармалды.
«Териштирүү учурунда шектүү ушул сыяктуу 40тан ашуун фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Жергиликтүү жашоочуларга электр энергиясын тартып берүүнү убада кылып, акча каражаттарын чогултуп, бирок акчаны өзү жеке кызыкчылыгына пайдаланганы маалым болгон.
Шектүү Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда», - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg