www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулукта ата-энесинен ажыраган 7 балага жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Манас айыл өкмөтүндө ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктары толук камсыздалбай келгендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде тиешелүү органдарга балдарды жер тилкелери жана турак жай менен камсыз кылуу боюнча прокурордук акт келтирилип, натыйжада Семетей жаңы конушунан 7 бала жер тилкелери менен камсыз болду.