www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районундагы мунай базасындагы цистернанын жарылуусунан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облусунун саламаттык сактоо координатору Бактыгул Мамытовага шилтеме берүү менен билдирет.

Маалыматка ылайык, ар кандай даражадагы күйүк алган төрт жабырлануучу тез жардам кызматы менен Сокулук районунун Жалпы дарыгердик практикалык борборуна жеткирилген.

"Жабырлануучулардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө, үчөө травматология бөлүмүнө жаткырылды (экөө орточо, бирөө канааттандырарлык абалда). Жабырлануучуларга керектуу дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү көлөмдө бар", - деп айтылат маалыматта.

Санавиация аркылуу Бишкек шаарынан комбустиолог менен бирге бригада жиберилди. Жеринде 3 тез жардам бригадасы иштеп жатат.

Белгилей кетсек, учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 4 күжүрмөн эсеп жана 2 ыкчам топ тартылып, өрттү өчүрүү аракети көрүлүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости