www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукта оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды

Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сокулук райондук ооруканасынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 226,0 чарчы метр болгон жер тилкесинде жайгашкан имарат 2007–2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип, натыйжада баасы 5 млн. 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылып, Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.

Последние новости