www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү менен салттуу жыл сайын өткөрүлүүчү жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тышкы саясат ведомствосунун башчысы 2025-жылдагы дипломатиялык кызматтын жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, учурдагы мезгилге карата коюлган негизги милдеттерди белгиледи.

Тактап айтканда, Министр Ж.Кулубаев Тажикстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессинин аякташын регионалдык туруктуулукту чыңдоодогу тарыхый маанилүү кадам катары өзгөчө белгиледи. Эл аралык деңгээлде да жогорку активдүүлүк сакталган. Тагыраагы, 190 жолугушуу жана сапар өткөрүлүп, 600дөн ашык документке кол коюлуп, Эфиопия жана Египетте жаңы элчиликтердин ачылышы менен Кыргызстандын дипломатиялык катышуусу кеңейди. Консулдук тармакты санариптештирүү маанилүү багыттардын бири болду. “Электрондук консул” системасынын ишке киргизилиши документтерди тариздөө мөөнөтүн төрт эсеге кыскартууга мүмкүндүк берди, ал эми чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу мекендештердин катышуусун жогорулаткан.

Эл аралык күн тартибине токтолуп, Ж.Кулубаев көп векторлуу тышкы саясат принцибине берилгендикти тастыктап, Кыргызстан Россия, Кытай, Борбордук Азия өлкөлөрү жана Батыш мамлекеттери менен мамилелерде тең салмактуу позицияны сактап, эл аралык укуктун негизинде чыр-чатактарды тынч жол менен жөнгө салууну колдой турганын белгиледи.

2026-жылга карата пландар тууралуу айтып, Министр Кыргызстан үчүн Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалык өзгөчө мааниге ээ экенин, ал Уюмдун 25 жылдыгы менен дал келип жатканын баса белгилеп, бул мезгилге карата Бишкектин артыкчылыктуу багыттарын сунуштады. Мындан тышкары, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Чыңгыз Айтматов атындагы мааракелик Ысык-Көл форумуна даярдык тууралуу маалымат берип, бул иш-чаралар маданий дипломатияны илгерилетүү жана өлкөнүн эл аралык аброюн бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болоорун айтты.

Жолугушуунун соңунда Министр Ж.Кулубаев эксперттердин суроолоруна жооп берип, Тышкы иштер министрлигинин сунуштарга жана конструктивдүү диалогго ачык экенин белгиледи.

Последние новости