www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулукта туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдөгү эс алуу борборунан табылды. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 8-август күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 2007-жылы туулган К.А. аттуу тургуну таенесине таарынып, үйдѳн чыгып кеткен бойдон келген эмес.
Жакын туугандары кызды издеп, анын телефону аркылуу анын кайсыл жакта экенин аныкташкан. Алар Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып, небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн.
Ал эми, аталган жайдын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине маалымат берип, полктун кызматкерлери кыздын таенеси менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, кыздын сүрѳтүн алышкан.
10-августта саат 00:30дар чамасында полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алтынбек Эралиев жана милициянын старшинасы Исмамадин уулу Мелис үйдѳн чыгып кеткен ѳспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап, Чолпон-Ата шаарынын жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен.
Булак: NazarNews.kg