www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Солтон-Сарыдагы коррупциялык уюкту ким уюштурган?

Ушул жумада Нарын облусунун Оттук айылынан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалган. Андан көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомдук алтын аралашкан кен табылган.

“Солтон-Сары” алтын чыгаруучу фабрикасынын жана Солтон-Сары кенинин жетекчилик кызматтагы адамдары алтын уурдаган канал түзүшкөнү аныкталды.

Маалыматка караганда, шектүүлөр алтын камтылган кенди Нарын жана Чүй облустарынын аймагында сатуу үчүн мыйзамсыз чыгарып турган.

“2019-жылдын 27-декабрында ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Нарын облусунун Оттук айылынан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа кармалган. Андан өлчөмү 1500 килограммдык 35 кап алтын камтылган кен табылды. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 миллион сомду түзөт”,- дешти көзөмөл органынан.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

29-декабрда Солтон-Сары кенинин башчысы А.М.Ж., "Солтон-Сары" алтын кен фабрикасынын директору О.Б.Ж. жана адиси К.Н.Р. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Бул аталган алтын кенинен алтын аралашмасынын уурдалгандыгы тууралуу бир эле учур болсо керек. Демек, мамлекеттин казынасына оңбогондой зыян келип жүргөн турбайбы. Солтон-Сары алтын комбинатынын жетекчилиги да аралашкандыгына караганда, мындай уурулук мурда эле болуп келгендей. Андыктан тиешелүү көзөмөл органдары дыкат иликтөө жүргүзүшсө, 4 миллион эмес, андан бир нече эсе көп алтын уурдалгандыгынын бети ачылса керек...

Булак: “Майдан.kg” 

Последние новости