www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

TESS космостук телескобу Жердин көлөмүндөй болгон жашоого ыңгайлуу болушу ыктымал деген биринчи планетаны тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, планета TOI 700 d деп аталат. Ага жетиш үчүн 100 жылдай убакыт сарптоо керек. Көлөмү Жерден 20 пайызга чоңураак.

Окумуштуулар планетага спутник аркылуу 11 ай бою көз салышкан. Бул убакыт аралыгында планетадан бир дагы ирет вулкандын атылышы сыяктуу көрүнүштөр болбогонунун байкашкан. Окумуштуулар анын үстү жашоого ыңгайлуу болушу ыктымал деп божомолдошууда.

NASA адистеринин айтымында, бул планета жылдыздарга бир тарабы менен гана карап тургандыктан "жашоого ыңгайлуу" деген гипотеза шек жаратууда. Себеби анын мындай жайгашуусу температураны жогорулатып, атмосферадагы шамалдын багытына таасирин тийгизет.

Эскерте кетсек, TESS телескобу Жердин көлөмүндөй болгон планеталарды издөө үчүн даярдалган. Учурда аталган телескоп аркылуу жашоого ыңгайлуу болушу мүмкүн деген планетаны тапты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости