www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Ирандын ортосундагы тирешүү дүйнө назарына түштү. Ал ортодо социалдык тармактардагы кыргыз коомчулугу америкалык “Ганси” авиабазасын эскеришти. Адаттагыдай эле мурдагы ажолорду актап, боктоп жатышып стресттерин жазып алышты. Мындан улам NazarNews агенттиги, Тышкы саясат жана регионалдык коопсуздук боюнча эксперт, Таалатбек Масадыковдун пикирине кызыгып көрдү:

- Кыргызстандагы америкалык "Ганси" авиабазасын өлкөдөн чыгаруу туура чечим болгонбу? 

- Эгемен өлкөдө башка чет өлкөнүн аскердик базаларынын турушу жакшы эмес. Бул тарыхый эгемендүүлүккө таасир эте турган нерсе. Ошондуктан Кыргызстандагы америкалык Ганси базасынын жабылышы өз орду менен болду. Анткени бул Акаев учурунда эле Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү Жааматтык Коопсуздук Кеңеши Уюумуна мүчө өлкөлөрдүн башчылары менен макулдашылып кабыл алынган болчу. 

- Гансини дагы деле бизде турганда абал азыр кандай болот эле?

- Бул америкалык база 2010-жылга жакын өзүнүн  керектүүлүгүн жогото баштаган. Мына ошондон кийин ЖККУ жыйынында базаны өлкөдөн чыгаруу маселеси курч коюлган. Ошол учурда Курманбек Бакиев президент эле, ал киши жабууга убада берип туруп, кийин жаппай койгон. Албетте мунун дагы ал өлкө башчыга белгилүү болгон себептери, чындыгы болсо керек. Ошентсе дагы ал тарыхта негативдүү тажрыйба катарында калды. 

- Кечиресиз, демек Атамбаев саясий эрктүүлүк кылган турбайбы?

- Менин оюмча Алмазбек Атамбаев мүмкүнчүлүктү пайдаланып калды. Ал өз алдынча чечим чыгарып, Гансини чыгарып сала албайт болчу. Буга мен жогоруда белгилеген ЖККУнун саясий чечими өз таасирин берди. Мындан улам базаны чыгарбай коюуга мүмкүн эмес эле. Ошондо дагы АКШ жана Орусиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ошондон кийин гана Атамбаев Ганси базасын жабууга буйрук берген. Ушундан улам бул көпчүлүккө - убагында кабыл алынган саясий кадам болуп сезилип калды болуш керек деп ойлойм. Айрыкча учурдагы Иран менен Американын ортосундагы чыңалууну эске алганда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости