www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австралиянын Түштүк Австралия штатында төөлөргө мергенчилик жарыяланды. Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына караганда 8-январдан  13-январына чейин 10 миң төө өлтүрүлүшү зарыл. 

Штаттын бийлигинин айтымында мындай кадамдын себебин ошол жердин тургундарына жаныбарлар терс таасирин тийгизишүүдө. Жогорку жыл Австралия үчүн ысык келгендиктен, төөлөр суу издешип, адамдардын менчик жерлерине кирип, таза сууларды булгап, азык-түлүктөрүн, камдаган тоют корлорун жеп, эгиндерди тебелеп-тепсеп кетишүүдө.

Бул өлкөдө дүйнө жүзү боюнча эң көп сандагы төөлөр жашайт. Буга чейин көптөгөн төөлөр суу, тамактын жетишсиздигинен өлүшкөн, андыктан жергиликтүү министрлик аларды өлтүрүү пайда келтирерине ишендирүүдө. Төөлөргө мергенчиликке профессионал снайперлер тартылып, алар вертолёт менен абадан атып өлтүрүлөт.

Австралияга төөлөрдү биринчи жолу 19-кылымда алып келишкен. Андан бери бул жаныбарлар көбөйүп, миллиондон ашкан. Бүгүнкү күндө төөлөр австралиялыктар үчүн чоң көйгөйгө  айланган.

Эскерте кетсек, Австралиядагы өрттүн кесепетинен жарым миллиард жаныбарлар жок болду. Дагы миллиард жаныбар коркунучта тургандыгын Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаныбарларды коргоо боюнча (WWF) фонду кабарлоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости