www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Негизи Кубанычбек Жумалиев деле Матраимов сыяктуу эркиндикте туруп, кайтарып берсе болмок. Ал ыкка көнбөгөнү үчүн ушундай жолду тандашты окшойт», - деди бүгүн, 8-февралда NazarNews маалымат агенттигине журналист Сонунбүбү Кадырова.
- Сонунбүбү эже, Кубанычбек Жумалиевге мыйзамсыз баюу беренеси боюнча камакка алынды. Ал турсун ал ээлик кылган мүлктөрү да жарыяланды. Бирок, жактоочулары ден соолугу, курагы эске алынбаганын айтып нааразы болушууда. Жаңы бийликтин коррупция менен күрөшкөнү анын байлыгына көз артып жаткандай таасир калтырып жаткан жокпу?
- Мен Кубанычбек Жумалиевдин маселеси козголгондо эле баардык мыйзамсыз байыгандар тегиз текшерилсе деп ойлоп койгон элем. Бирок, эмнегедир Жумалиев маселеси эмдигиче бүтпөй эриккендин эрмеги сыяктуу ой калтырууда. Жаңы бийлик байлыгына көз артпаса да, сырттан караган адамга жеке өч алуу сыяктуу сезим калтырып жатышат. Бул жерде жалпы журтка билинбеген бир сыр бар сыяктуу.
- Финпол менен УКМК неге Жумалиев менен күрөштү күчөттү?
- Негизи Кубанычбек Жумалиев деле Матраимов сыяктуу эркиндикте туруп, кайтарып берсе болмок. Ал ыкка көнбөгөнү үчүн ушундай жолду тандашты окшойт. Эми мындан ары өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, маяна менен келе жаткан бай чиновниктерди да кармап, байлыгын казынага төктүрүүнү колго алыш керек. Ошондо гана адилеттүүлүк болот.
- Айрымдар Жумалиевдин 700 кишини жумуш менен камсыз кылган заводун бийликтегилер тартып алганга аракет жасап жатат деген маалыматтарды чыгарып жатышат го?
- Анысын билбейм. Бирок, 700 киши иштеген ишкананы жеке бирөө тартып алуусуна жол бербешибиз керек. Баары адилет болушу шарт.
- Бийликтегилердин чабуулунан улам, эми бизнесмендердин, байлардын баары байлыгын жашырабыз деп, болгон акчаларын сыртка чыгарып кетишпейби?
- Эгер чекеден эле байдын баарын тырпыратып баса кала берсе, эртең биз бизнесмендерсиз каларыбыз шексиз. Салык төлөөчүлөр байлыгын жашырып чыгып кетиши турган иш. Ошон үчүн бул жерде мыйзамсыз байгындарды иликтеген органдар өтө калыс жана кылдат болушу шарт.
Булак: NazarNews.kg