www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Стереотипти оңдоону Жапаров галстуктан баш тарткан эле күндөн баштаган” - деди бүгүн, 24-январда NazarNews маалымат агенттигине тележурналист, Сонунбүбү Кадырова.

-Сонунбүбү эже, жаңы шайланган президент Садыр Жапаров стереотиптерди жана  шаблондорду өзгөртө баштады. Ашыкча чыгым кылбайм деп атып, башкаларга  бечара мамлекет болуп көрүнүп калбайбызбы?

-Стереотипти оңдоону Жапаров галстуктан баш тарткан эле күндөн баштаган. Демек, ошол эскиден калган сценарийлерди бузуу үчүн чоң команда керек экени көрүнүп турат. Дайым эле Садыр Жапаров өзү жалгыз идея көтөрө берсе, калганы эмне дейт экен деп оозун карап отурса жаңылануу болбойт. Мисалы, биздин өлкөнүн кендирин кескен нерсе апыртылып түзүлгөн сметалар. Ошону өз баасында эле сарптаса ойго келбегендей керемет инаугурация өтмөк.

-Инагурацияда аз акча коротобуз, банкеттен баш тартабыз деп отуруп, эл аралык нормаларга жооп бербеген салтанат өтүп калбайбы?

-Каражатты сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнүшүбүз керек. Азыр эски крысалар үйрөнгөн ишин кылып, акчаны асманга сапырганы жатат. Бизде "бөрү жарды, кузгун тойду" деген нерсе түптөлүп калган. Баарын аз эле каражат менен көрүп турган эл суктангандай  өткөрүп койсо болот. Сценарийди кайра түздүргөндөн көрө сметаны карап чыгуу керек. Ошол ишке тартылган немелердин баары мамлекетке карабаган жеке иш каналардын кызматтары болуп чыгат. Ал жеке фирмалар ошол эле тегеректеп жүргөн чөөлөрдүн менчиги.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости