www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тынч жаткан элди басмырлап кирип келгендер маселесин эл аралык деңгээлде чечиш гана калды окшойт. Мындай пикирин акын жана журналист Сонунбүбү Кадырова билдирди.

«Бул эмне деген карөзгөйлөр? Унчукпай бастырып келип, башка өлкөгө тиешелүү жерге өз билгенин кылган. Анан: «Бул жер биздин жер, чык» - десе, кайра басмырлап аткылаган. 

Кечээ да ушинтип Баткен областынын Төрт-Көчө тарабынан кирип келишкенде эки жактын чек ара жетекчилери жолугуп, келишим түзүп, ынтымак менен жашоого кол койгондон кийин кайра чагымчылык кылышып, башка жактан, башкача айтканда Чыр-Дөбөдөн элди аткылай баштаганын кандай түшүнсө болот?

Биздин өлкөнүн чек арачылары тынчтык жолу менен маселени чечкенге аракет кылганына карабай, алдынан чыккандын баарын аткылап, кыра баштаган жапайылар менен эмне кылса болот?  Биздин чек арачылардын позициясы - бир гана коргонуу.

Бирок дайыма биз тарапка жалаа жаап, долуланып, элдин тынчтыгын алып, баскынчылык кылса эле жерди алып алабыз деп ойлошобу? 27-январь саат 18ден баштап жалпы Кыргызстан үчүн кооптуу болду.

Кой дегенди түшүнбөсө, кошунанын кошуналык жолун сыйлабаса. Улууларды, сакалдууларды укпаса. Нарк-насили жок, караңгы, жапайылар эшикте 21-кылым турганын билбей жер талашат... Ушуларды ойлоп уктабай чыктым. Эне жүрөк. Балдарыбыз тынчтык күндөрдө өссө экен дейсин...», - деп белгилейт Кадырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости