www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдик режим чек ара маселесин жерди берип коюу менен чечишкен. Ошондон улам, кыргыздарга эмне мамлекет башчысы менен парламентти паралап койсок эле чек араны биз каалагандай чечип алабыз деген ой калган. Мындай туура эмес көз карашты Акаев жана анын тойбос парламенти калтырып кеткен. Кыргызстан менен Тажикстан талаш участоктор боюнча келишпестикте эки башка картаны далил катары алдыга тартып келишет. Тажикстан 1924–1939-жылдардагы чийилген картага таянып Ворух – бул эч кандай анклав эмес, чуштуюп Кыргызстандын территориясына кирип кеткен биздин өлкөнүн бир бөлүгү, ошондой эле Тажикстандын калган бөлүгү менен байланыштырып турган жол дагы бизге таандык деп келишкен болчу. Ал эми Кыргызстан болсо 1958–1959-жылдардагы картага таянышып картада айтылып тургандай Ворух – кыргыздардын территориясы менен курчалып турган кадимки анклавдын бири, ал айылда кыргыздар менен тажиктер шахмат түрүндө аралаш жашашат деген жүйөөнү алдыга тартышкан. Мындай маселе кошуна жашап чек арасын такташкан ар бир мамлекетте бар.

Цзян Цзэминге махабатын арнаган президент Аскар Акаев бийлик жүргүзүп жатканда 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен. Акаев сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 877,12 кв/км жер, 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен. Соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Дүйнөдө б5 мамлекеттин ичинде бул жерлер 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аятынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438 тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле, чындыгы Люксембург биз берген аянттан чоңдук кылат экен, анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км болсо калганын эл эсептеп алар.

2001-жылдын 15-декабрындагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кара-Буура районунун Көк-Сай аймагы, Маймак карьерасы, Токмоктун чеке белиндеги Бишкек-Торугарт трассасындагы Ысык-Ата районунун 12 гектарлуу Дружба аймагы, Каркыра жайлоосунун 500 гектар жайытын казакка берүү жөнүндө келишим түзүлүп, чек ара маселеси чечилген. Балким бул ошол кезде Нурсултан Назарбаевдин кызын уулуна алып берген Акаевдин калыңы чыгар. Мындай жерди беришке калк нааразы болуп чыккан. Ошондон улам бул жерлер Акаевдин заманында ратификациядан өтпөй, 2008-жылдын апрелинде ратификацияланган.

Азыркы учурда Кыргызстан эгемендүүлүк алганына отуз жыл болуп турса да коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстан менен бул маселеге чекит коюла элек. Өзбекстан менен эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырым болсо, расмий маалыматтарда чек аранын 1170 чакырымы такталганы айтылып жүрөт. Камчыбек Ташиев бул ишке жеңин түрүнүп киришип, чек ара маселесин чечип коюу үчүн аракет жасоодо. Ташиев менен өзбек расмий адамдарынын жолугшуусунда бул маселелерди чечүүдө өтө оор маселелер каралган. Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен, суу сактагыч биз тарапта эле калды. Бул суу сактагычтагы суунун 95% өзбек тарап колдонот. Суу сактагычтын аймагы 800 гектардын тегерегинде. Анын 200 гектарын ушуга чейин бизге компенсация кылып берген. Азыр күндө 600 гектарга жетпеген жер калган. Ошонун эсебинен биз тарапка мурда талаштуу болгон жерлер, Көк-Серек айылы, 105 гектар жер биз тарапка жазылды. Ала-Букадагы Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Сууга караштуу Ак-Ташта 100 гектар, Үңкүр-Тоодон 35 гектар, Үңкүр-Тоо тоосу толук бойдон бизге жазылды жана Кара-Белес участогунан 25 гектар жер бизге жазылды. Бул жерди биз кайра кайтарып алдык. Бул участоктор Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен бизге өттү. Гавасай деген участок бар. Жалал-Абад жана Наманган облустары чектешкен жерде. Гавасай деген тилкеден 8 миң гектар жер Кыргызстанга өттү. Бул жерде 5-6 кыргыз айылдары жана жайлоолору бар. Мурда бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу болгон жер. "Шахрихансай" плотинасынын баш жагынан 50 гектар жерди бердик, бирок ошол эле 50 гектарды Өзгөндүн баш жагынан ала турган болдук. Жер менен алмаштык.

Кемпирабад суу сактагычы 5735 гектар. Эми ошодон 1300 гектар жер Кыргызстанга өттү. 4400 гектар жер суунун үстүндө калды. Өзбек тарап бизге буга чейин 1973-жылы 4100 гектар жерди компенсация катары берген. Демек, 300 гектар жер дагы компенсация катары бериши керек эле. Бирок 300 гектар жердин ордуна компенсация катары биз миң гектар жерди алдык, булар Өзгөн, Сузак районунун жерлери. Эгерде мурда суу сактагыч толуп, жээктеги үйлөргө суулар тээп, маселе жаралып жаткан болсо азыр андай болбойт. Сууну кыргызстандыктар толук пайдалана алат. Алар өз тарабынан мурдагыдай тосуп, кайтарбайт. Сохто эч кандай коридор жок. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 1-апрелден тарта Сох анлавында Кайтпаc, Риштан, Өтүкчү посттору ачылат. Посттон оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө уруксат берилбейт. 20 орунга чейинки кичи автобустар, жеңил автоунаалар өтө алат.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен жалпы 986,7 км аралыктын 519,9 км белгиленген. Бул жердеги такталбаган аймактардын бири - Шатты ашуусу.Тараптар бул аймакта тилкелерди аныктоо иштерин улантууну, өзүнүн сунуштарын берүүнү макулдашкан. Өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашуусунун алкагында чек ара чектери белгиленген. Буга байланыштуу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы макулдашылган тилке боюнча Тажистандын УКМКсынын чек арачылары күзөтүп жатат. Тактап айтканда, протоколдук макулдашууга ылайык, чек арачыларды жайгаштыруу макулдашылган аймакта жүрүп жатат. Башка тарабынан, Карамык ашуусунун аймагында Кыргыз Республикасынын чек ара посту орнотулган. Бул аймакта делимитация иштерин тездетүү максатында тараптардын топографиялык жумушчу тобуна ишти улантууну тапшыруу сунушталды.

Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин жүргүзгөн келишимдерин бузуп, 2021-жылы 4-июнда саат 03:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагында контейнерлерди орното баштаган. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, тажик тараптан автомобилдер жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлери чогулуп жатканы байкалууда. Ошол эле күнү Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 5-июнда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ага ылайык, эки тарап тең чек ара постторун өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдырат. Аскерлер жана аскердик техникалар мурунку ордуна кайтарылат жана аймактагы жайыттар орток пайдаланылмакчы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости