www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турмушка чыккам. Ата-энемдин ыраазычылыгы үчүн эле турмушка чыгып алыпмын. “Жаш экенмин” деп азыр өкүнөм. Ортодо балдарым бар. Күйөөм “сүйөм эле сүйөм” деп жүрүп баш кошконбуз. “Никеден кийин сүйүү башталат” дегенге ишенбей калдым.

Себеби, күйөөмдү эч эле сүйө албай койдум. Канчалык аракеттенбейин, жүрөгүм жылыбай койду. Балдар үчүн эле жашап жүрөм. Көңүлүм дайым чөгүп, ажырашып кетким келет. Жашаганыбызга он жыл болду. “Балдар үчүн жашайм” деп атып, өзүм кыйналып кеттим. Ажырашсам балдарым атасыз калат. Жүрөгүмө жакпаган адам менен жашап, бир өмүр өкүнүп өтөмбү?

Сүйлөшсөк эле урушуп кетебиз. Дайыма жүрөгүмдү оорутуп сүйлөйт. Ал башкага кетип, аны менен бактылуу болуп кетсе кубанмакмын. Апам эле “ушул бала жакшы” деп мажбурлап берип салган. Өзүмдүн жигитимди “жакыр” деп тоготпой койгон. Ал кезде каршы болгондон уялсам керек. Ошондуктан ата-энелерге кайрыларым, кыздын да көңүлүн карап коюңуздар.

Байлык менен бактылуу кыла албайсыздар. Кызыңардын сезимине карагыла. Албетте, менин апам да мени “бактылуу болсо экен” деген. Азыр эч нерседен кем эмесмин, бирок сүйүү жок. Күйөөмдүн орой мамилеси ар бир күнү көңүлүмдү чөгөрөт. Ушинтип жашоомду уланта беришим керекпи? Кандай кадамга барсам болот?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости