www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия: Жол кире көтөрүлгөн жок

Маршрутка айдоочулардын көпчүлүгү ишке чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Жол кире Бишкек шаардык кеңеши чечим кабыл алган убакка чейин мурункудай эле 10 сом бойдон калмай болду.

«Өзү билемдик менен тарифтерди көтөрүп алган учурлар аныкталса жүргүнчү ташуучу фирмалар мыйзамга ылайык жоопко тартылат», — дешти муниципалитеттен.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкекте айрым маршруткалар каттамга чыгып, бирок өз алдынча эле жол кирени 15 сомго көтөрүп алышкан. Мэрия мындай айдоочуларга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирген. Аны менен катар шаардыктарга кайрылып, ушул сыяктуу фактыларга күбө болгондорду сүрөт, видеого тартып 0554 182 185 WhatsApp номерине жөнөтүүнү өтүнөт.

Эске салсак, маршрутка айдоочулары 2-июндан тарта иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүп берүүнү талап кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости