www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер COVID-19 вирусунун эмнеден келип чыкканы жана анын жаратылышы жакшылап изилденбесе, анда дүйнө COVID-26 жана COVID-32ге кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу америкалык окумуштуу жана инфектолог Питер Хотез NBC News телеканалына маек берип жатып айтты.

«Коронавирус — SARS жана MERS вирустарынан кийинки эле 21-кылымдагы үчүнчү ири эпидемия. Эгер биз COVID-19 кайдан чыкканын так аныктабасак, анда дүйнөгө COVID-26 жана COVID-32 вирустары тарашы мүмкүн», — деген Хотез.

Илимпоздун ою боюнча, изилдөөнү вирус тараган Ухандан баштоо керек. Хотез ал жакка үлгүлөрдү чогултуу үчүн окумуштуу, эпидемиолог жана эксперттерди жиберүү зарылдыгына токтолгон.

«Бул иште сөзсүз Кытайдын жардамы керек. Антпесе коронавирустун кантип пайда болгонун изилдөө кыйын болуп калат. Кытайдагы алдыңкы эпидемиологдор менен вирусологдордун командасына жаныбарлар, лабораториялар, үлгүлөр боюнча изилдөө жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү үчүн Кытай бийлигине санкциялар менен болсо дагы кысым көрсөтүшүбүз керек», — деген америкалык окумуштуу.

Белгилей кетсек, буга чейин ДССУ Уханда коронавирустун пайда болушун иликтеген эксперттердин эл аралык тобунун докладын жарыялаган. Анда адистер SARS-CoV-2 вирусунун лабораторияда чыгышы күмөн экенин айтышкан. Алар вирус адамдарга жарганаттан жукканын божомолдошкон.

Ошол эле учурда АКШ жана дагы 13 мамлекет ДССУнун бул тыянагына тынчсызданып, вирустун келип чыгышын аныктоо үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүү керектигине токтолушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости