www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда курулуш материалдарын саткан дүкөндөрдүн жанында жигит эркек кишини мык менен уруп жаткан видео тарады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 5-июнда Самарканд облусунун Ургут районунда болгон.

Ошол күнү 26 жаштагы эркек киши 50 жаштагы таанышы менен спирт ичимдигин ичкенден кийин уруша кетишкен. Натыйжада, жаш жигит курулуш материалдарын саткан дүкөгө кирип, 15 сантиметрлик мык алып чыккан. Жигит мас абалында мык менен шеригинин көкүрөк тушуна бир нече жолу сокку урган. Жабырлануучу ооруканада көз жумган.

Шектүү кармалдып, атайылап адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости