www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Г.Ч.Оморова жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Г.Ч. Оморовага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-1-бөлүгүнүн 14-пунктуна, 2-бөлүгүнө жана 28-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Оморова Гулчехра Чыракбековна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан бошотулуп, анын аталган соттогу судьялык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Булак: NazarNews.kg