www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылык кызматты аркалап турган убакта өлкөбүздүн түштүк аймагында жер көчкү жүрүп, кырсык болуп өткөнүн баарыбыз жакшы билебиз. Ошол кырсыктардын кесепетин жоюу үчүн андагы өкмөт атайын чараларды көрүү менен бирге, 2017-жылдын май айында бир катар обьектилерди куруу үчүн сметасын түзгөн эле.

Анан ошондон көп өтпөй С. Жээнбеков президенттик шайлоого аттанганына байланыштуу өкмөт башчылык кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Демек, жогоруда айтылган кырсыктардын кесепеттерин жоюу милдети андан кийин келген Сапар Исаковдун өкмөтүнө милдет болуп жүктөлгөн. Баарынан кызыгы, ошол 2017-жылдын май айында түзүлгөн смета жарым жылдан кийин эле декабрь айында кайрадан таптакыр башкача суммалар менен түзүлүп калган.

Конкреттүү фактылар менен айталы, Чоң-Алай районунун Кара-Мык участкалык ооруканасын (15 койкалуу) куруунун сметалык баасы С. Жээнбековдун убагында 25 млн сом болгон болсо, ал декабрь айында эле кайра 35 млн 203 миң сом болуп өзгөрүп кеткен. Чоң-Алай районунун Жекенди участкалык ооруканасынын (15 койкалуу) да сметалык баасы башында 25 млн сом болгон, ал 38 млн 944 миң сомду чапчыган.

Ал эми ошол эле райондун Шибээ айылындагы Ташбек уулу Абдугапар атындагы орто мектебин куруунун (150 орундуу, спорт залы менен кошо) сметалык баасы башында 50 млн сом болсо, ал С. Исаковдун убагында 72 млн 457 миң сом болуп өзгөргөн. Ошол эле райондун Кулчу айылындагы Кулчу орто мектебин куруунун (150 орундуу, спорт залы жок) сметалык баасы 30 млн сом болсо, ал 62 млн 68 миң сомго көтөрүлгөн.

Өзгөн районуун Жаман Адыр участкасында 275 орундуу мектепти спорт залы менен кошо куруунун сметалык баасы 65 млн сомго бааланган болсо, ал 99 млнго айланган. Ошол эле райондун Ана-Кызыл участкасында 275 орундуу, спорт залы жок мектепти куруу башында 56 млн сомго бааланса, ал 89 млн сомго өскөн.

Ошентип мына ушулардын баардыгын кошуп эсептегенде өзгөчө кырдаалдар обьекилерин курууга алгачкы түзүлгөн сметалык баадан С. Исаковдун өкмөтү түзгөн жаңы сметалык баанын айырмасы 145 млн сомдон ашуун сумманы чапчууда. Өзүңүздөр байкагандай айрым обьектилердин баасы эки эседен да ашыгыраак кайра бааланган. Ошондо С. Исаковдун өкмөтү кырсык болгон жерге курулуучу имараттардан да “жеке пайда” табууну көздөгөн болуп калабы? Тиешелүү органдар муну иликтөөгө алышаар бекен?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости