www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-майда, Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу шартында фармацевтикалык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Сокулук районундагы башка дары-дармектер жана биологиялык активдүү тамак-аш кошулмаларынын катарында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө маанилүү болуп саналган иммунитетти көтөрүүчү каражаттарды да өндүргөн «Биовит» фармацевтикалык заводуна барды.

Акыркы жылдары дары-дармектерди өндүрүү боюнча улуттук лицензиялык талаптар жана эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берген жаңы заманбап завод курулганы белгиленди.

Өндүрүш цехтеринен сырткары, ошондой эле дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөөчү эл аралык стандарттарга ылайык аккредиттелген, Япония, Германия, Американын жабдуулары менен жабдылган заманбап лабораториясы да бар.

Заводдо 104 кызматкер эмгектенет. Продукция ички рыноктон сырткары КМШ, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга экспортко чыгарылат. Ошондой эле азыркы тапта жаңы цехтин курулушу бүтүп жатат, жакынкы күндөрү медициналык маскалар, салфеткалар жана бахилалардын сериялык өндүрүлүшү ишке коюлат. 

Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 млн таблетка, 100 млн капсула, 50 млн порошок жана гранула, 5 млн сироп жана суспензияны түзөт. Жакын арада Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан заводдун өндүрүш кубаттуулугун кеңейтүүгө каржы бөлүнөт.

Ишкананын жетекчиси ошондой эле заводдо өндүрүлгөн дары-дармектердин бири коронавирус инфекциясына каршы дарылоодо колдонулаарын айтып берди.

Ишкананы көрүп чыгып, Сооронбай Жээнбеков бул заводдун ишмердүүлүгүнүн мисалында атамекендик фармацевтикалык өнөржайдын жакшы потенциалы бар деп ишенимдүү айтууга болоорун канааттануу менен белгиледи. Өлкөнүн жергиликтүү бийлиги менен каржы институттарын аталган ишкананын заводду кеңейтүү, ички рынокту жана продукцияны экспорттоонун географиясын камтуу пландарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Мамлекет башчысы бул пландарды ишке ашыруу менен ишканада дары-дармектердин тышкы рынокторунда татыктуу атаандашууга жана ата мекендик фармацевтикалык брендди жайылтууга мүмкүнчүлүк пайда болорун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишке болгон дал ушундай мамиле ири натыйжаларды алып келерин белгилеп, өз иштерине берилгендиги үчүн заводдун жетекчилерине жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди. Мамлекеттик саясат ушуга окшогон импортту алмаштыруучу продукцияны өндүргөн, тышкы рынокторду жана жумушчу орундарын түзгөн ишканаларды колдоого багытталганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости