www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференцияга катышууда. Конференциянын жүрүшүндө, Сооронбай Жээнбеков бизнести уйга салыштырды.
“Ушундай салыштырмага кечирим сурайм, бирок бизнес уй карагандай эле. Уйду канчалык жакшы карасаң, ошончо көп сүт берет. Жергиликтүү бийлик бизнестин камын көрүп, налогдон бюджетке акча түшүрүш керек”,-деп билдирди Президент. Президент ишкерлер өзүнүн ишин баштай электе эле андан пайда издеген акимдерди сындады. “Кээ бир ишкерлер жергиликтүү бийликтен бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарын түзүлүшүн жылдап күтүшөт”,- деди Сооронбай Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg